2022-жылдын он айында борбор калаанын бюджетине эмгек мигранттары тарабынан 26,5 миллиард рублдан ашык каражат которулган

Фото: ДЭПиР

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64%га көп. 2022-жылга карата борбордо иштеген чет элдиктерден салыктык түшүүлөрдүн көлөмү болжолдор боюнча 30 миллиард рублден ашуусу керек. Жалпысынан 2022-жылдын башынан бери Москвада 483,9 миң эмгек патенти берилген. Москвада жана Москва облусунда иштөө үчүн патенттер Көп кызматтуу миграциялык борбордо (КМБ) берилет. Арыз берүү үчүн паспортуңуз, миграциялык картаңыз жана каттооңуз гана болушу керек. Күн сайын КМБго Москва областында иштөө үчүн патенттерди берүүгө 2-3 миң арыз келип түшөт. Арыздардын көбү Өзбекстандын, Тажикстандын жана Азербайжандын жарандарынан

Источник