Өзбек мигранттарын Россиядагы каршылык акцияларына катышпоого чакырышты

«Акыркы күндөрдө Россия Федерациясынын ар түрдүү региондорунда бийлик тарабынан расмий уруксат берилбеген массалык каршылык акциялары болуп өттү. Ушуга байланыштуу Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттик өлкөдө жашаган Өзбекстан жарандарын бул сыяктуу массалык акцияларда катышпоого, Россия Федерациясынын мыйзамдарын сактоого жана адамдар көп чогулган жерде болбоого чакырат», – деп белгиленет кабарда. Агенттикте мындай уруксатсыз иш-чараларга катышуу Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандардын кылмыш-жаза жоопкерчилигине же депортациясына алып келиши мүмкүн экенин белгилешти.
https://news.mail.ru/politics/45119644/