Өзбекстандык жумушчулардын биринчи тобу Москванын жана Подмосковьенин курулуштарына келип түштү

Бортунда Өзбекстандык жумушчулар болгон чартердик рейс Россияга келди. 189 эмгек мигрантынан турган топ уюштурулган топтоонун алкагында жумушка алынган. Чет өлкөлүк жумушчуларды издөө жөнүндө өтүнмөнү Москва жана Подмосковьеде долбоорлорду ишке ашырып жаткан эки россиялык курулуш компаниясы беришкен. Өткөн айдын ичинде Өзбекстандын бардык облустарында Россиядагы куруучу, кыш кыноочу, монтажчы, электр ширетүүчү жана башка кызматтарга жумушка орношууну каалаган кызматкерлер менен аӊгемелешүүлөр жүргүзүлдү. Тандоодон өткөн талапкерлер менен эмгек келишимдери түзүлдү. Айдын аягына чейин дагы 4 миӊге жакын жумушчу жалдоо мерчемделүүдө.

Первая группа рабочих из Узбекистана прибыла на стройки Москвы и Подмосковья