Эл аралык мигранттар күнүн кыргызстандыктар иштиктүү түрдө белгилешти

Фото: портал Ритм Евразии.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү менен Москвада Мигранттардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган жолугушуу тууралуу АКИpress билдирди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Элчилигинин, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Евразия экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин, Жогорку Кеңештин спикеринин катчылыгына караштуу миграция боюнча өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, ошондой эле диаспоралык уюмдардын жана мекендештердин аймактык бирикмелеринин аксакалдары жана активисттери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Россия Федерациясындагы миграциялык абал, ошондой эле үстүбүздөгү жылы кабыл алынган мыйзамдар тууралуу маалымат берилди. Терс кесепеттерди болтурбоо максатында келген мамлекеттин мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоого көңүл бурулду.

Источник