Эксперттер: миграциялык кызматтарды санариптештирүү Орусияга жумушчу күчүн тартууну жеңилдетет

Фото: Сергей Булкин/NEWS.ru

Миграция тармагындагы бардык кызматтарды санариптештирүү, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү убактысын кыскартуу Россия Федерациясына чет элдик жумушчу күчүн тартуу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт. Мындай пикирди дүйшөмбүдө ТАССка Орусиянын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) башчысы Сергей Катырин билдирди.

«[Россия Федерациясында эмгек мигранттарын ишке орноштуруу] көйгөйүн чечүүнүн негизги варианттарынын бири – бул миграция чөйрөсүндөгү бардык кызматтарды санариптештирүү. Миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмдөрдө чет өлкөлүктөрдүн жеке катышуусун минималдаштыруу менен бизнеске арыздарды, өтүнүчтөрдү жана коштоочу документтерди электрондук түрдө өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл. Уруксат документтерин каттоо мөөнөтүн кыскартуу, анын ичинде кошумча төлөмдү төлөөдө документтерди тариздөөнү тездетүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу максатка ылайыктуу»,– деди Катырин. Ошондой эле, палатанын жетекчисинин пикири боюнча, чакырылган чет элдик жаран тарбынан кабыл алынган чечимдери үчүн күнөөсү далилденбестен бизнес өкүлдөрүн административдик жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берген «чакыруучу тараптын жоопкерчилиги» принцибин жокко чыгаруу маселеси каралууга тийиш.

Источник