Чет элдик жаран Россияда жашап турууга кантип уруксат ала алат

Фото: ТАСС/Сергей Савостьянов

Эмне үчүн жашап турууга уруксат алуу керек, кансы документтер талап кылынат жана кайда кайрылуу керек экендигин РИАМОго юристтер айтып беришти. Жашап турууга уруксат кагазы – бул чет өлкөлүк жарандын Россияда калуу, өлкөгө эркин кирип-чыгуу үчүн талап кылынган документи. Жашап турууга уруксат кагазы жок жарандар паспорт колдонушат. Документти тариздөө, адатта, убактылуу жашап турууга уруксат алгандан кийин Орусиянын жарандыгын алуу үчүн экинчи кадам болуп саналат. Бирок, кээ бир адамдар үчүн жашап турууга уруксат алуу биринчи кадам болот. Жашап турууга уруксат алуу үчүн негиздер, берүү тартиби, зарыл болгон документтердин тизмеси 25.07.2002 № 115-ФМ «Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Федералдык Мыйзамы менен бекитилген, дейт Валентин Лупу, «Европалык юридикалык кызматтын юристи».

Источник