Чатырда иштеген Исломбек. Өзбекстандык чатыр жаап иштеген жигиттен Москвадагы жашоо тууралуу 3 эреже

Фото: 24-летний Исломбек Хайруллаев работает в ГБУ «Жилищник» Лосиноостровского района/Эдуард Кудрявицкий.

Чоң үй-бүлө – төрт эркек жана эки кыз. Ата-энесинин чарбасы Өзбекстандын Женау айылында. Жана түшүнүксүз перспективалар. Исломбек Хайруллаевди Россиянын борборуна алып келген жүйөлөр, Борбор Азиядан келгендердикиндей эле: киреше жана туруктуулук. Өзбекстанда Исломбек колледжди бүтүрүп, ширетүүчү кесибин алган. Бул кесип ага Москвада 5 жыл мурун Лосиноостровский районундагы «Жилищникке» ишке орношкондо пайдасы тийген. «Ширетүүчү жок кезде түтүктөрдү өзүм ширетем» дейт ал. Чоң шаарда кантип жашаш керек? Исломбек үч эрежени сактоо зарыл деп эсептейт: чынчыл болуу, өзүн маданияттуу алып жүрүү, стереотиптерге берилип, жамандыкты башкалардан издебөө.

Источник