Улуттук саясат департаментинин башчысы өзбек улуттук-маданий автономиясынын жаӊы төрагасы менен жолугушту

Фото: mos.ru.

2022-жылдын 26-июлунда Департаменттин жетекчиси Виталий Сучков «Москва шаарындагы өзбек улуттук-маданий автономиясы» аймактык коомдук уюмунун Кеӊешинин жаӊы төрагасы Бахром Исмаилов менен менен жолугушуу өткөрдү. Маектин жүрүшүндө Департаменттин башчысы улуттук коомдук бирикмелер Россиянын борбор калаасында улут аралык тынчтыкты жана жакшы кошуналык мамилелерди сактоодо, маданий алмашууну жүзөгө ашырууда зор роль ойношорун баса белгиледи. Жолугушуунун алкагында өзбек улуттук-маданий автономиясы менен шаардын өкмөтүнүн борбор калаада этнос аралык мамилелерди гармониялаштыруу, өзбек маданий салттарын сактоо маселелеринде өз ара аракеттешүүсүнүн келечектери талкууланды. Тараптар келип чыккан ар кандай маселелерди чечүүгө бирдей кызыкдарлыгын жана конструктивдүү өз ара аракеттешүүгө даярлыгын билдиришти. Виталий Сучков Бахром Исмаиловду «Москва шаарындагы өзбек улуттук-маданий автономиясы» аймактык коомдук уюмунун Кеӊешинин төрагасы кызматына шайланышы менен жылуу куттуктады да, жаӊы жетекчиликтин кол астында улуттук-маданий автономия өзбек маданиятын сактоо жана жайылтуу, мекенчилдикке тарбиялоо жана көп улуттуу мегаполистин тургундарынын ортосундагы ынтымакты чыӊдоо боюнча жемиштүү ишти улантарына ишеничин билдирди. Жолугушуунун соӊунда Виталий Сучков Бахром Исмаиловго, ошондой эле улуттук-маданий автономиянын бардык активисттери менен мүчөлөрүнө жаратман эмгекте жана ар кандай башталмаларда ийгиликтерди каалады

Источник