Тажикстан менен Россиянын ортосунда темир жол каттамы кайрадан жанданды

Фото: служба новостей Центральной Азии. Архивное фото.

Эки жылдан ашык тыныгуудан кийин 16-августта Тажикстандан Орусияга алгачкы жүргүнчүлөр поезди жөнөп кетти. Поезд Кулябдан саат 00:30да чыгып, Душанбеге эртең мененки саат 8де келди. Борбор калаанын темир жол вокзалында бут коёрго жер жок: Куляб-Волгоград каттамындагы жүргүнчүлөрдүн көбү билетти Душанбеден сатып алышкан. Алардын көпчүлүгү Волгоград шаарынан Москвага жана Москванын чет жакаларына жөнөшөт.

Жүргүнчүлөр поезд билеттери авиабилеттен бир нече эсе арзан болгондуктан сатып алышканын айтышты. «Мисалы, мен 1500 сомониге (147 доллар) билет сатып алдым, авиабилет эң аз дегенде 5500 сомони турат,– дейт Душанбе шаарынын тургуну Хайит Кулжонов. – Үнөмдөлгөн акчага мен Россияда бир нече күн жашай алам».

Источник