Тажикистанда 2023-жыл орус тили жылы болот

Фото e-cis.info

Жакында эле, жаңы окуу жылында Тажикистанда беш орус тилдүү мектебинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Алар Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен курулган жана ачылган. Бир эле учурда беш шаарда мектептер ачылды: Душанбе, Бохтар, Куляб, Турсунзаде жана Худжандда. Ачылыш аземине эки өлкөнүн президенттери видео байланыш аркылуу катышты: Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон жана Россиянын президенти Владимир Путин. Ачылышка арналган сөзүндө Эмомали Рахмон мектептердин курулушуна колдоо көрсөткөнү үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирди жана 2023-жыл Тажикстанда орус тилинин жылы болорун расмий жарыялады. Өз кезегинде Владимир Путин Москвада Тажикистандын Маданий борбору жакында ачыларын билдирди

Источник