Спартакиадага 25тен ашуун улуттук командалар катышты

Фото:mos.ru.

Сокольники маданият жана эс алуу паркынын «Лидер» спорттук борборунда 10-сентябрда жердешчиликтердин жана улуттук-маданий бирикмелердин IX Спартакиадасы болуп өттү. Иш-чараны «Москва улуттар үйү» Мамлекеттик бюджеттик мекемеси (МБМ) жана Москванын Өкмөтүнө караштуу Улуттар иштери боюнча кеӊештин Дене тарбия жана спорт боюнча комиссиясы уюштурду. Спартакиадага ар жыл сайын 25тен ашуун улуттук командалар катышат, ал эми улуттук-маданий автономиялардан жана жердешчиликтерден келген спортсмендердин жалпы саны 400 адамдан ашат. Спартакиаданы Москва шаарынын Улуттук саясат жана аймак аралык байланыштар департаментинин жетекчиси Виталий Сучков ачты.

Источник