Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Сергей Катырин эмгек мигранттарынын Россияга киришин жөнөкөйлөтүү зарыл деп эсептейт

Анын пикири боюнча, өкмөттүн 16-март, 2020-жылдагы, коронавирустук инфекцияга байланыштуу чет өлкөлүктөрдүн киришин убактылуу чектеген тескемеси россия экономикасынын адистерге карата учурдагы керектөөлөрүн канааттандырууга мүмкүндүк бербейт. Өзүнүн премьер-министр Михаил Мишустинге жазган катында соода-өнөр жай палатасынын башчысы эмгек мигранттарынын кирүү процедурасын өкмөттүн актысы менен аныктоону, ал эми тиешелүү ыйгарым укуктарды чет өлкөлүк жумушчу күчүнө керектөөчүлөрдү эске алуучу регионалдык ведомство аралык комиссияга өткөрүп берүүнү сунуш кылды. Тестирлөөнү, эки жумалык өзүн-өзү обочолоону жана медициналык жардам көрсөтүүнү иш берүүчүлөргө жүктөө зарыл. Өкмөткө ушуга окшош, мындан да радикалдуу чакырык менен РФтин Курулуш министрлиги кайрылды. Ал россиялык курулуштардагы жумушчу күчүнүн курч таӊсыктыгын белгилейт. Атүгүл жумушсуздук жана куруучулардын эмгек акысынын өсүшү (50 миӊ рублдан 80-90 миӊ рублга чейин) россиялык жарандарды курулушка барууга мажбур кыла албай жатат. Курулуш министрлиги бул көйгөйдү эмгек мигранттарын уюштурулган ташып келүү аркылуу чечүүнү сунуш кылат. Аларды жайгаштырууну жана тариздөөнү чакырган тарап мойнуна алышы керек. Ал келген жумушчулардын коронавирустук инфекция жок экени жөнүндө маалымкат алышына да жардам берүүгө тийиш. Ошондой эле иш берүүчү кызматкерлерди туруктуу жашоо орду менен камсыз кылууга, аларды миграциялык каттоого тургузууга жана алар менен эмгек мамилелерин тариздөөгө милдеттенет. Мигранттар болсо, өз кезегинде, Россияда иштөөгө укук берүүчү патент алууга тийиш. Курулуш министрлигинин демилгеси буга чейин эле Эмгек министрлиги, ИИМ жана Роспотребнадзор менен макулдашылган.
https://rg.ru/2021/02/04/vyzhutovich-pritok-migrantov-privodit-k-poiavleniiu-novoj-raboty-na-rynke.html