РФ ИИМи мигранттардын кирүүсүнүн жаңы эрежелерин иштеп чыгууда:

Фото: Игорь Генералов / Вечерняя Москва.

РФтин ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүүнү жаңы эрежелерин иштеп чыгууда, анын ичинде миграциялык жол-жоболорду өлкөнүн чектеринен тышкары чыгаруу да каралган, — деп билдирди ведомствонун министринин биринчи орун басары Александр Горовой. «Эл аралык кызматташуунун актуалдуу маселелеринин бири болуп туруктуу жашоо өлкөсүндөгү чет өлкөлүк жумушчуларды иммиграцияга чейинки даярдык үчүн чет өлкөлүк инфраструктураны түзүү эсептелип калууда», — деп айтты Горовой дүйшөмбү күнү «МВД Медиадагы» интервьюсунда. Горовой, бул үчүн «миграция жол-жоболорун РФтин чегинен тышка чыгаруу, анын ичинде жыйынтыктары Россияда тааныла турган медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү, биометрикалык каттоо жана бирдиктүү документти алуу, медициналык камсыздандыруу полистерин тариздетүү, потенциалдык жумуш берүүчүнү тандоо» пландаштырылып жатканын түшүндүрдү. Министрдин орун басарынын айтуусу боюнча, чет өлкөлүктөрдүн бул жакта туруусун контролдоону камсыздоо үчүн көзөмөл киргизилген жана алдын алуу мүнөзүндөгү чаралар өркүндөтүлүүдө. Алсак мигранттарга карата кабыл алынган чечимдердеги «белгилүү аракеттерди жасоо жана аларды аткарбай коюунун кесепеттерин» зарылдыгы тууралуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталындагы жеке кабинети же мобилдик тиркеме аркылуу маалымдалышы мүмкүн.

http://realty.interfax.ru/ru/news/articles/131337/