РФте 29-декабрдан баштап эмгек мигранттары үчүн милдеттүү дактилоскопия киргизилет

Россияда ушул жылдын 29-декабрынан баштап дактилоскопия бардык эмгек мигранттары үчүн милдеттүү болуп калат. Бул жөнүндө ТАСС ИИМдин басма сөз борборуна шилтеме менен кабарлайт.

«29-декабрь, 2021-жылы федералдык мыйзам күчүнө кирет, ага ылайык РФке жумуш издеп келген чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Россияга 90 күндөн ашык мөөнөткө келген чет өлкөлүктөрдүн калган бардык категориялары милдеттүү дактилоскопияга жатат», – деп айтылат кабарда.

Июлда белгилүү болгондой, Россияда жашап туруу үчүн мигранттар электрондук алып жүрүүчүсү менен бирдиктүү документ алууга тийиш болушат.

Мындай документти чет өлкөлүк жарандар дактилоскопиядан жана наркоманиянын, жугуштуу оорулардын жоктугун тастыктаган медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин гана, ошондой эле мамлекеттик алым төлөп, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталындагы жеке кабинетин тариздегенден кийин гана ала алышат. 

Буга чейин Россияга кирүү учурунда чет өлкөлүк жарандар өлкөдө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелери менен «лоялдуулук макулдашуусуна» кол коюуга тийиш экендиги кабарланган.

https://www.m24.ru/news/obshchestvo/05082021/176911