Роструд Кыргызстандан барган мигранттардын укуктарын коргоого жардам берет

Фото: МЦ «Сахарово»

РФ Эмгек жана ишке орноштуруу боюнча федералдык кызматы (Роструд) Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга укуктарын коргоого жардам берет. Бул тууралуу республиканын Москвадагы элчилиги билдирди. КР дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кыргызстандын консулу Алмаз Букалаев Роструддун жетекчилиги менен болгон жолугушуусунда Эмгек миграция темасы кеңири талкууланды. Сүйлөшүүлөргө эски көйгөй – ак ниетсиз иш берүүчүлөр тарабынан мигранттардын эмгек укуктарынын бузулушу себеп болгон. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, көбүнчө маяна төлөнбөй жатканы тууралуу сөз болуп жатат. Алмаз Букалаев Роструддун өкүлдөрүнө жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын кайрылууларын тыкыр текшерүү өтүнүчү менен кайрылды. Орус тарап өз кезегинде Роструддун инспекторлоруна келип түшкөн бардык арыздарды толук жана ар тараптуу текшерүүдөн өткөрөт деп ишендирди. Ведомсто мигранттардын укуктарын коргоо маселелеринде КР элчилиги менен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр. Россия Федерациясында эмгектенген республиканын жарандарына багытталган, биргелешкен маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы байланыштарды чыңдоо кадамдарынын бири болушу күтүлүүдө. Мындан тышкары Кыргызстандын жарандарына “Россияда иштөө” мамлекеттик маалымат тутумунун кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн. Ал Кыргызстандын жарандарына мыйзамдуу ишке орношууга жардам берет.

Источник