Россия Федерациясында 2022-жылдын үч айында эки эсе көп чет элдиктер миграциялык каттоого алынган

Фото: РИА Новости/Максим Блинов

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Россиянын ИИМ былтыркыга караганда дээрлик эки эсе көп чет элдик жарандарды миграцияга каттаган. Бул РФ ИИМ 2022-жылдын январь-март айларындагы миграциялык абал боюнча индикаторлорунун жыйындысынан келип чыккан, алар менен ТАСС таанышкан.

«2022-жылдын январь-март айларында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык каттоосу боюнча фактылардын саны 3 миллион 757 миң 303 фактыны түздү», — деп айтылат ведомствонун материалдарында. Ошол эле маалда өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 1 983 087 түзгөн. Мындан тышкары, ИИМ маалыматы боюнча, 2022-жылдын үч айында жумушка эки эседен ашык патент берилген. «2022-жылдын январь-март айларында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга патент берилген – 516 916»,– деп айтылат агенттиктин корутундусунда, бул бир жыл мурункуга (228 555) караганда 228 361ге көп. Ишке орношууга уруксат берилгендердин саны да көбөйдү – былтыркы 14 миңден быйыл 21,1 миңге чейин.

Источник