Россия мигранттарды каттоо тутумун өнүктүрүүгө ниеттенүүдө, деп жазат ЖМКлар

Путин ошондой эле Россиянын Ички иштер министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Эмгек министрлигине өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен Россия Федерациясынын » ушул уюмдун ишине эффективдүү катышуусун камсыз кылууну» тапшырды.
Россиянын Президенти Владимир Путин Россиянын Эл аралык Миграция Уюмуна (ЭМУ) кирүүсүн тариздөөнү тапшырды. Бул тууралуу жума күнү Кремлдин сайтында маалымдалды.
«Россия өкмөтү Россия Федерациясынын Эл аралык миграция уюмунун уставында белгиленген тартипте Эл аралык миграция уюмуна кирүүсүн камсыздашы керек», – деп тапшырды мамлекет башчысы. Ушул маселе боюнча ушул жылдын 1-декабрына чейин президентке баяндама берилиши керек.
http://www.dobro-sosedstvo.ru/dobro/ru/news/n_3/o_277345