Россия менен Өзбекстан каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 15 күнгө чейин узартты

Фото: Анна Рыжкова © ИА Красная Весна.

Россиянын жарандарынын Өзбекстанда жана Өзбекстандын жарандарынын Россияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 15 күнгө чейин узартылганын «Дуне» маалымат агенттиги 8-июнда билдирди. Россия менен Өзбекстандын ортосундагы жарандардын өлкөдө жүрүү тартиби тууралуу келишим 4-июндан тарта күчүнө кирди. Келишимге 2021-жылдын май айында Москвада жана 2021-жылдын июнь айында Өзбекстанда кол коюлган. Болуу мөөнөтү өлкөлөрдүн аймагына кирген күндөн тартып эсептелет. Кирген күнү миграциялык картада же паспортко катталат.

Источник