Россиянын ооруканаларында дарыгер-мигранттар көбүрөөк болмокчу:

Фото: Светлана МАКОВЕЕВА.

Өкмөт чет жактардан келишкен медиктер үчүн ишке орношууну жөнөкөйлөштүрүүнү каалоодо

Эмгек министрлиги, аларга чет өлкөлүктөр россиялыктар менен катар теңдеш ишке кирише ала турган иштердин тизмесин кеңейтүүдө. АРТИСТТЕР ЖЕТКИЛИКТҮҮ, ДОКТУРЛАР АЗ БОЛУП ЖАТАТ. Россиянын паспорту – чет өлкөлүк үчүн эң мыкты стимул, биздин өлкөгө иштөөгө келиш үчүн! Аны менен чогуу — бул  айрым тармактардагы кадр тартыштыгынан кутулуунун жаман эмес ыкмасы. Дал ушундай деп эсептешет Эмгек министрлигинде. Ведомство россиялык жарандыкты жеңилдетип алууга карата укук бере турган кесиптердин тизмегин кеңейтүүчү буйрук долбоорун даярдаган. Андан тышкары, чет өлкөлүк – мындай кесиптердин өкүлдөрү жумушка квоталарсыз, башкача айтканда россиялыктар менен теңдеш орношо алышат. Тизмеге 61 кесипти кошушту, алар негизинен медицина жаатындагы кесиптер. Ошондой эле ага машиналык саан оператору, инженер-химик жана айрым башка адистиктер кирмекчи. Аны менен катар ведомство азыркы тизмеден 28 адистикти алып салууну пландаштырууда. Алардын ичинде – программанын алып баруучусу, экскурсияларды уюштуруучу, балеттин артист-солисти бар. Бардыгы болуп тизмекте 113 кесип болмокчу.

https://partyadela.ru/news/14140/