Россиянын ИИМ Тажикстанда паспорттук-визалык кызматтынын филиалын түзүүнү көздөөдө

Фото: Андрей Батурин/Фотобанк Лори

Россиянын ИИМ Тажикстандын аймагында өзүнүн паспорттук-визалык кызматынын ишин уюштурууну пландоодо. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Россиянын ИИМ “Паспорттук-визалык кызмат” федералдык унитардык ишканасынын директорунун биринчи орун басары Сергей Куликов Эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министринин орун басары Шахноза Нодири менен жолугушууда билдирди.

«Россия Федерациясынын ИИМ паспорттук-визалык кызматынын филиалын Тажикстанда ачылышы [мигранттардын] сапары башталганга чейин документтердин пакетин даярдоо боюнча иштердин 80%га жакын уюштурууга мүмкүндүк берет. Россия Федерациясынын аймагына киргенде Тажикстандын жарандары – иштөөгө уруксаты бар эмгек мигранттары дароо ишке кирише алышат»,– деп билдирди «Ховар» маалымат агенттиги Куликовдун сөзүн. Анда белгиленгендей, республиканын жарандары кетээр алдында медициналык текшерүүдөн өтүп, сунушталган эмгек шарттары, эмгек келишими, айлык акылары менен таанышып, ортомчуларсыз чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Жолугушууда Куликов, эгер документтештирүү жана эмгек ишмердүүлүгүн жөнөкөйлөтүү сунушу колдоо тапса, аталган кызматтын жумушчу тобу Тажикстанга кетүүгө даяр экенин билдирди.

Источник