Россиянын бийликтери курулуштардагы мигранттардан толук баш тартууну колдошкон жок

Фото: humphery/shutterstock

Россиянын курулуштарындагы мигранттардын жумушчу күчтөрүнөн толук баш тартууга жол берүү мүмкүндүгү тууралуу азыр айтуу татаалыраак, деп белгилешти Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллиндин аппаратында. Өлкөдөгү жумушчу күчтүн тартыштыгы курулуштун баасына таасир кылат деп билдирет «Известия». Мамдума куруучулардан сурамжылоону жүргүзүштү, ал эми жыйынтыктар, мигранттардын күчүнөн баш тарткан учурда турак-жайдын өздүк наркы 10-40% жогорулай тургандыгын тастыктады. Мамдумада, коронавирус пандемиясы жабык чекаралар учурунда Москвадагы, Санкт-Петербургдагы жана башка ири борборлордогу курулушту дээрлик токтотуп салгандыгын белгилешти.

«Азыркы кырдаалда мигранттарга толук тыюу чалуу, маңызы боюнча, курулуштун токтоп калуусуна, куруучулардын жарандар алдындагы белгиленген мөөнөттөрдөгү милдеттенмелеринин аткарылбоосуна алып келет», — деп белгиледи Мамдуманын курулуш жана ТКЧ боюнча комитетинин мүчөсү Александр Якубовский.