Россияда мигранттарга манжаларынын тактары бар чиптерди беришет

Фото: Сергей Пивоваров / РИА Новости

Россияда эмгек мигранттарына 29-декабрдан тартып бетинин электрондук сүрөттөлүшүн жана колунун манжаларынын тактарын камтыган чиби бар карта формасындагы иштөөгө карата патенттерди беришмекчи. Бул тууралуу ТАСС, Россиянын ИИМ башчысы Владимир Колокольцев тарабынан кол коюлган буйрукка шилтеме жасоо менен маалымдады. Картанын өлчөмү 8,5ке карата 5,3 сантиметр болмокчу, алдыңкы бетине фотосүрөтүн, патенттин сериясын жана номерин, анын ээсинин фамилиясын, атын жана атасынын атын жайгаштырышат. Ошондой эле бул жакта инсандыгын күбөлөндүрүүчүнүн туулган күнү, жарандыгы, документинин сериясы жана номери, кесиби жана СИНи чагылдырылмакчы. Арткы бетинде болсо – анын ээси анын аймагында эмгектенип жаткан РФ субъектинин аталышы, документ ким тарабынан жана качан берилгендиги жазылмакчы.

https://lenta.ru/news/2021/12/20/chips/