Россиядагы эмгек мигранттарына үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын ичинде берилген патенттердин саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн

Фото: Иван Шилов@ИА REGNUM.

Бул тууралуу миграция боюнча ИИМдин 2021-жылдын январь айынан тартып октябрь айына чейинки мезгил үчүн маалыматтары күбөлөндүрүп турат. Бул мезгил ичинде чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 1 853 395 патент тариздетилген. Өткөн жылдын 10 айынын ичинде ушул эле көрсөткүч 971 854 патентти түзгөн эле. Мурдараак Евразия экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Омурбекова, 2021-жылы Россияда, бир жыл мурункуга караганда, үч эсеге көбүрөөк болуп калганы тууралуу билдирген. Адистердин айтуулары боюнча, бул, Россияны коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы таштап кетишкен жумушчулар массалык түрдө кайта келип жатканын билдирет.

https://rg.ru/2021/12/06/potok-migrantov-vnov-hlynul-v-rossiiu.html