Россияга акча табуу үчүн келген эмгек мигранттарына жаңы төрөлгөн балдарын төрөт үйлөрүндө калтыруу мүмкүндүгү тууралуу маалымат берилет

Фото:Валерия Аксакова/Islam News

Балдар акыйкатчысы Ольга Ярославская белгилегендей, коноктор менен мындай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу ымыркайларды кооптуу кырдаалдарда калышынын санын азайтууга болот. Ал кошумчалагандай, Москвадагы статистикага ылайык, жаңы төрөлгөн балдарын көп учурда мигрант аялдар таштап кетишет. Ярославская турмуштук оор кырдаалга туш болгон чет өлкөлүк аялдар мындай оор кадамга РФтин мыйзамдарын билбегендиктен улам барып жатканына ишенет, РФтин мыйзамына ылайык аялдар жоопкерчиликке тартылуу коркунучуна кабылбастан, балдарын төрөт үйлөрүндө калтырса болот. Акыйкатчы мигранттардын арасында РФнын балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары жөнүндө маалыматтарды жайылтууга бажы жана миграциялык кызматтарды тартууну сунуштады.

Источник