РКК Москвада качкындар менен мигранттарга жардам берүү үчүн коомдук кабылдама ачты

Фото РИА Новости-Павел Бедняков.

Россиянын Кызыл Крести (РКК) Москвада качкындарга, аргасыз жер которгондорго жана мигранттарга жардам берүү үчүн коомдук кабылдама ачты. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү РККнын басма сөз кызматы билдирди.

«РКК Москвада миграция боюнча борбордун ишинин алкагында коомдук кабылдама ачты. Кабыл алуу бетме — бет жүргүзүлөт, качкындар, аргасыз жер которгондор, мигранттар жана дүйнөнүн каалаган өлкөсүнөн келген жарандыгы жок адамдар кайрыла алышат»,— деп айтылат маалыматта. РККнын төрагасы Павел Савчуктун айтымында, адамдар укуктук маселелер боюнча, психосоциалдык колдоо, медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча акысыз жардам ала алышат. «Мисалы, биздин адистер каалоочуларга ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу жана коронавирустук инфекцияга каршы ыктыярдуу эмдөө полистерин алууга жардам беришет»,— деди Савчук, бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. РККнын коомдук кабылдамасы Москвадагы жана Москва областындагы качкындарга, аргасыз жер которгондорго жана мигранттарга гуманитардык жардам, балдар үчүн кошумча билим алуу, анын ичинде орус тилин чет тили катары окутуу курстарын жана мектеп программасынын предметтерин окутууну камсыздайт.

Источник