Путин мигранттарды Россиядагы иштерге өз мекенинен эле даярдоону колдоп чыкты

Фото: Артём Геодакян / ТАСС.

Россияга акча табууга келип жатышкан мигранттар, орус тилин өз мекенинен үйрөнүүгө тийиш. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча Кеңештин отурумунда билдирди.

«Бизге иштөөгө келгиси келген адамдар, биздин өлкөгө карай ушул сапарга жана бул жактагы иштерге карата өзүнүн мекенинде эле даярдана баштоосу менен иш алып баруу керек», — деп айтты президент. Ал, тилден тышкары россиянын мыйзамдарын, салт-санаасын, өз укуктарын дагы изилдөөлөрү зарыл экенин түшүндүрдү. Путин, бул маселени Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен буга чейин талкуулаганын маалымдады. Путиндин айтуусу боюнча, ушул багыттагы биргелешкен иштер Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан менен жүргүзүлүүдө.

https://www.rbc.ru/rbcfreenews/61b202809a79474d453c64d6