Патрушев мигранттар жашаган жерлерде «масштабдуу иш-чараларды» убада кылды

Фото: Александр Атасунцев / РБК.

Россияда мигранттар компакттуу жашаган жерлерде «масштабдуу иш-чаралар» өткөрүлөт жана өлкөдө болуунун эрежелерин бузуу үчүн жоопкерчилик катаалдантылат. Россиянын Коопсуздук кеӊешинин катчысы Николай Патрушев журналисттеге ушул жөнүндө жарыя кылды. «Чет элдик жарандарга миграциялык көзөмөлдү жана алардын биздин өлкөдө болуу эрежелерин бузуусу үчүн жоопкерчилигин катаалдаштыруучу мыйзамдык өзгөртүүлөр каралды. Мигранттар компакттуу жашаган жерлерде укук тартибин сактоо боюнча масштабдуу иш-чаралар белгиленди», – деп айтты Патрушев шаршембиде Коопсуздук кеӊешинин отурумунан кийин. Анын сөзү боюнча, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын алдына «миграциялык каналдарды террористтик актыларды жана башка кылмыштарды жасоо үчүн колдонушкан эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн» айкындоо милдеттери коюлду.

Источник