Орусия 16-майдан тарта Кыргызстандын жарандарына кирүү чектөөлөрүн алып салат

Фото: gov.kg

Эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна байланыштуу Россия Федерациясынын Өкмөтү 2022-жылдын 16-майынан тарта Кыргызстандын жарандарынын Россияга кирүүсүн, ошондой эле Россиянын жарандарынын Кыргызстанга чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнөн билдиришти. Эске сала кетсек, 2021-жылдын июль айында Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелери киргизилгенин жарыялаган. Документке ылайык, 10-июлдан тарта Кыргызстандын жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн жарандары өлкөгө кирүүдө Россияга келээрден 72 сааттан эрте эмес өткөн ПЦР-тесттин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» тиркемеси аркылуу тапшырыш керек болчу. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Москвада өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-жыйынында Россияга кирүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселеси талкууланган. Жыйынга Кыргызстандын вице-премьер-министри Арзыбек Кожошев жана Россия Федерациясынын вице-премьер-министри Алексей Оверчук катышты. Тараптар Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын Россиянын аймагында жүрүүсүнүн укуктук абалын дагы талкуулашты.

Источник