Орозо айт күнү Москвадагы мечиттер бардык ыймандуулар үчүн ачык болот

Фото : РИА Новости/Александр Вильф

Кечээ Москва борбордук мечитинин жыйындар залында РФ Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдиновдун төрагалыгы алдында «Орозо Байрам-2022» фестивалын уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Иш-чарага: Россиянын Муфтийлер Кеңешинин Мусулмандар иштери боюнча Дин Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Рафик Фаттахетдинов, Россиянын Муфтийлер Кеңешинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Ильдар Нуриманов, Россиянын Муфтийлер Кеңешинин Төрагасынын орун басары Ильдар Аляутдинов, Россиянын Дин Башкармалыгынын Аксакалдар кеңешинин башчысы Дамир Гизатуллин, ошондой эле Дин башкармалыгынын кызматкерлери, Москва борбордук мечитинин имамдары катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Орозо айт намазын Москва шаарынын борбордук, тарыхый жана мемориалдык мечиттеринде окууну уюштуруу жана өткөрүү тартибин талкуулашты. Быйыл Covid19 коронавирустук пандемиядан кийин биринчи жолу бардык ыймандуулар намазга катыша алышат. Жеке келе албагандар Мусулмандардын дин башкармалыгынын расмий сайтынан (берүү саат 7:00дө) же «Россия 1» телеканалынан (берүү саат 9:00да башталат) муфтий шейх Равиль Гайнутдиндин майрамдык кутбасынын түз эфирине кошула алышат.

Источник