Москва областынын Бирдиктүү миграциялык борбору 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып патенттерди берүү үчүн документтерди кабыл алууну жана тариздетүүнү токтотот

Фото: https://minblag.mosreg.ru.

Москва областынын Өкмөтүнүн 28.09.2021-ж. №934/34 токтомуна ылайык, Москва областынын аймагында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн патенттерди чет өлкөлүк жарандарга тариздетүү жана берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Москва ш. «Көп функционалдуу миграциялык борбор» мамлекеттик бюджеттик мекемеси аныкталган.

Москва областынын «Москва областынын бирдиктүү миграциялык борбор» мамлекеттик бюджеттик мекемеси 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып патенттерди берүү үчүн документтерди кабыл алууну жана жасоону токтотот.

https://minblag.mosreg.ru/sobytiya/novosti-ministerstva/20-10-2021-16-49-36-edinyy-migratsionnyy-tsentr-moskovskoy-oblasti-s