📄 Москва. Жөнөкөй эрежелер

Москвага келип, укугуңуз корголот деп ишенсеңиз болот:

ЖЕКЕ: коопсуз жашоо укугу, мүлктү коргоо, жүрүү эркиндиги, дин тутуу эркиндиги, никеге туруу укугу.

СОЦИАЛДЫК: медициналык жардам алуу, окуу жана эс алуу укугу.

МАДАНИЙ: маданий турмушка катышуу укугу, чыгармачылык укугу.

ЭКОНОМИКАЛЫК: эркин эмгекке болгон укук – сиз иш түрүн тандап, иштеп акча таба аласыз. Мыйзамдуу иштөө үчүн расмий түрдө жумушка орношуп, мыйзамдарды так сактоо керек.