Москва бийликтери мамлекеттик кызматтарды Борбордук Азиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн эне тилдеринде, ошондой эле англис жана кытай тилдеринде сунуштоону мерчемдөөдө, муну «Открытые медиа» ачыктады

Эмгек мигранттарын, экспаттарды жана туристтерди мамлекеттик кызматтарга «кошуу» үчүн өкмөт Москвада жашап жаткан чет өлкөлүктөрдүн «профилдерин» түзүшөт жана алар тилдик барьерден улам дуушар болуп жаткан көйгөйлөрдү изилдешет. Бул жөнүндө маалымат «Электрондук Москва» АКы (борбордун мүлк департаментине таандык) 1-февралда жайгаштырган «орус тилин билбеген адамдар үчүн электрондук сервистерди адаптациялоо боюнча изилдөөлөргө» тендердин документациясында камтылат. Өткөн жылдын октябрында мэр Сергей Собянин пандемиядан улам Москвада мигранттардын санынын 40 пайыздык кыскаруусу жана жумушчулардын жетишсиздиги жөнүндө айткан. Ал эми 21-январда борбордун бийликтери жумушчу күчүнүн таӊсыктыгынан улам Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарын курулушта иштөө үчүн борборлоштуруп топтоону башташты. https://openmedia.io/news/n3/meriya-moskvy-adaptiruet-elektronnye-gosuslugi-dlya-migrantov-ix-perevedut-na-yazyki-srednej-azii-i-kitajskij/