Москванын улуттук саясат департаменти: Оор турмуштук кырдаалда мигранттарга өзгөчө көңүл бурган маанилүү болот

фото: РИА Новости/Максим Блинов.

Бул тууралуу Улуттук саясат жана шаардын аймактар аралык байланыштары департаментинин улуттук саясат бөлүмүнүн кеңешчиси Сергей Ануфриенко “Москванын Түштүк-Батыш административдик округунда Мамлекеттик улуттук саясат стратегиясын ишке ашыруу” конференциясынын жүрүшүндө маалымдады. Ал, 2021-жылы Миграциялык саясат концепциясын ишке ашыруу планы аяктай тургандыгын белгилеп кетти. Департаменттин өкүлү дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн борбор калаадагы улуттар аралык тынчытыкты бекемдөөгө шарт түзүп жаткан ишмердигине баа берүүгө чакырды. Шаардын Өкмөтүнө караштуу Улуттар иштери боюнча кеңештин Президиумунун төрагасынын орун басары Игорь Круговыхтын айтуусу боюнча, калктар арасындагы достукту сактап калуу үчүн, өздүк этномаданиятты ардактоо керек.

https://icmos.ru/news/depnac-moskvy-vazno-obrashhat-osoboe-vnimanie-na-migrantov-v-tyazeloi-ziznennoi-situacii