Москванын турак-жай коммуналдык чарбасында иштеген мигранттарды COVID-19га каршы эмдешүүдө

Борбордо буга чейин тармактын кызматкерлеринин жарымынан көбү эмделди. Борбордун мэринин орун басары Петр Бирюков борбордун ТЖКЧсында иштеген мигранттар коронавирустан эмделе турганын айтты. Москва урбанистикалык форумунун кулуарында ал РИА Недвижимость агенттигине: «Бизде чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлдөрү иштешет – 38 миӊ кишиге жакын. Кимде каршы көрсөтмөлөр жок болсо, эмделишет жана аныкталган тартипте вакцина ала алышат», – деп кабарлады. Бирюков коммуналдык объектилердин тейлөө чөйрөсүндө жана Москванын шаардык чарбасында 500 миӊ киши иштерин эскертти. Коммуналчылардын 60%ы эмделди. Мэрдин орун басары 15-июлга чейин каршы көрсөтмөлөрү жок адамдардын баары эмделе турганын айтты.

https://www.bfm.ru/news/475806