Москванын Транспорт департаменти такси айдоочулардын арасындагы мигранттардын үлүшүн атады

Фото: Александр Авилов / АГН «Москва».

Орточо алганда москвалык такси айдоочулар 37 жашта, алардын орточо эмгек стажы 15 жылды түзөт, бардыгы болуп «Аналитика работы такси» таксиге байкоо жүргүзүү тутумунда (КИС АРТ) 220 миң айдоочу катталган, деп билдирди Москванын Транспорт депратаментинин башчысынын орун басары Владимир Макаров Х Эл аралык евразиялык такси форумунда (ЭЕТФ), деп кабарлады РБКнын корреспонденти. Мэриянын маалыматтары боюнча, айдоочулардын жалпы санынан 27%ы – чет элдиктер (59,4 миң – РБК). Алардын ичинде эң көбү Кыргызстандын (44,6 миң), Тажикстандын (5,2 миң) жана Өзбекстандын (3,4 миң) тургундары. Москвадагы такси айдоочу орточо 3,5 миң рубль суммасында жазапул алган.

Источник