Москванын миграциялык борбору Өзбекстанда өкүлчүлүк ачты

Москванын көп функциялуу миграциялык борбору (КФМБ) Өзбекстанда өкүлчүлүк ачты. Ал пандемия учурунда орнотулган Россияга кирүүгө чектөөлөр мезгилинде өзбек жарандарынын арасынан эмгек мигранттарын тандоодо москвалык иш берүүчүлөргө жардам бермекчи. Бул жөнүндө Москва өкмөтүнүн министри, шаардын экономикалык саясат жана өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Кирилл Пуртов кабарлады.
https://nsn.fm/ekonomika-moskvy/migratsionnyi-tsentr-moskvy-otkryl-predstavitelstvo-v-uzbekistane