Москванын борборунда миграциялык борбордун өкүлчүлүгү ачылды

Фото Яндекс Панорамы

14-мартта Москванын борборунда миграциялык борбордун өкүлчүлүгү ачылып, анда чет элдик жарандар өздөрүнө керектүү бардык кызматтарды оңой ала алышат. Өкүлчүлүктө, расмий сайттагы билдирүүгө ылайык, убактылуу жашап турууга уруксат алуу, орус тилин мыкты деңгээлде билгендигин тастыктоо, ошондой эле жарандыкты алуу боюнча кайрылуу жазса болот. Кабыл алууга жеке өзү барып катышууга, ошондой эле mos.ru сайтында онлайн кабыл алууга жазылса болот. Ошондой эле филиалда документтердин пакетин түзүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтар көрсөтүлөт жана миграциянын ар кандай маселелери боюнча консультацияларды берет. Эскерте кетсек, М Булак сайтында мигранттар үчүн юридикалык кеңештерди бекер ала аласыз! Москва шаарындагы миграциялык борбордун өкүлчүлүгү Бахрушина көчөсү 18, 1- корпус дарегинде жайгашкан. Иштөө убактысы саат 9:00дөн 18:00гө чейин.

Источник