Москванын бийлиги 300 миӊ эмгек мигранты жетишсиз экени жөнүндө билдиришти

Москванын мэринин экономикалык саясат жана мүлктүк-жердик байланыштар маселелери боюнча орун басары Владимир Ефимов бул күндөрдө өтүп жаткан петербургдук экономикалык форумда Москванын бир катар тармактары сезип жаткан адистердин таӊсыктыгы жөнүндө билдирди. «Курулуш тармагында жумушчу күч ресурстары көйгөйү күчөп барат. Кадимки режимде бизде шаарда миллионго жакын эмгек мигранттары иштейт, ал эми бүгүнкү күндө алар 700 миӊге жакын, башкача айтканда экономикага 300 миӊге жакын адам жетишпейт. Алардын бир бөлүгү курулушта, дагы бир бөлүгү – турак-жай коммуналдык чарбасында, башка бөлүгү – мигранттардын эмгегин пайдаланган башка тармактарда эмгектенишет. Бизде тармактардын абсолюттук көпчүлүгү калыбына келгенин эске алганда бул шаарга зарыл болгон жумушчу күчү», – деп РИА Новости Владимир Ефимовду шилтемелейт.
http://www.dobro-sosedstvo.ru/dobro/ru/news/n_3/o_322885