Москвада XVI «Рамазан чатыры» акциясы «Маданияттардын көп түрдүүлүгү. Биримдикке карай жол» урааны астында өтөт

Фото: «Шатер Рамадана»

2-апрелде Москванын Поклонная тоосундагы Мемориалдык мечиттин алдындагы аянтта Рамазан Чатырынын салтанаттуу ачылышы жана бир эле аталыштагы түрдүү элдердин маданияты менен каада-салттарынын XVI фестивалы болот. «Рамазан чатыры 2022» акциясы «Маданияттардын көп түрдүүлүгү. Биримдикке карай жол» урааны астында өтөт жана 3-майда аяктайт. Күн сайын орозодон кийин ооз ачкан сааттарда «Рамазан чатыры» конокторду кабыл алып, дүйнөдөгү мусулман элдеринин салтында даярдалган ифтар менен сыйлашат. «Рамазан чатыры» маданий-агартуу программасы этно-маданий көп түрдүүлүк темасын ачууга, элдердин жана этникалык жамааттардын маданий өзгөчөлүгүн сактоого багытталат. Анын алкагында 10дон ашык мамлекет: БАЭ, Түркия, Катар, Иран, Афганистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, ошондой эле Россиянын көптөгөн мусулман элдери өз программаларын тартуулашат. «Рамазан чатырынын» коноктору башка диний каада-салттардын өкүлдөрү, бийлик өкүлдөрү, искусство ишмерлери, спортчулар ж.б. катышышат. Маданий программа чатырдын ичинде ооз ачар алдында жана сырттан видео көрсөтүү менен өтөт.

Источник