Москвада өткөн форумда кыргыз диаспораларынын жашоосу жана көйгөйлөрү талкууланды

Фото: НацАкцент

6-Майдан 9-Майга чейин Москва шаарында кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын Бүткүл Россиялык форуму өттү. Ага Россиянын 25 шаарынан келген кыргыз диаспораларынын, ошондой эле Москва облусунун 55тен ашык коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Диаспора өкүлдөрү чет өлкөдөгү кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, өзгөчөлүгүн, маданиятын жана тилин камтыган маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Форумдун катышуучулары диаспораны калыптандыруу жана консолидациялоо боюнча да тажрыйба алмашышты. Мындан тышкары, баяндамачылардын сүйлөгөн сөздөрү кыргыздардын жашаган өлкөнүн коомуна ыңгайлашуусу жана интеграциясы, илим-билим, миграция жана кыргыздардын социалдык көйгөйлөрүнө арналды. Форумда Кыргызстандын элчилиги жана ИИМдин өкүлчүлүгү менен жолугушуу болуп өттү. Бардык диаспора уюмдары кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Форумдун катышуулары 28 панфиловчунун элесине арналган мемориалдык комплекси, Волоколамск облусунун Нелидово жана Дубосеково айылындагы боордоштордун мүрзөлөрүнө зыярат кылышты. Ал жерде алар баатырлардын элесин эскишерти. Делегаттар Поклонная тоосундагы Даңк музейин кыдырып чыгышты жана форумдун эстафетасынын кубогун Мурманск диаспорасына өткөрүп беришти.

Источник