Сергей Буланов/Фото: Олеся Курпяева/РГ.
Санкциялар жана соода согуштары? Москва жооп кайтаруу үчүн жаңы көзүр тапты: шаарда көптөгөн этникалык дүкөндөр ачылууда, ал жерде шериктеш өлкөлөрдүн жарандары гастрономиялык сейрек кездешүүчү буюмдарды сатууда. Кытай пуери, Индия чөптөрү, Кыргыз максымы – мындай товарлар мегаполистин эң ири гипермаркеттеринде да дайыма эле боло бербейт. |
Этникалык кыргыз Канат Кутуналиев ВДНХга жакын жерден дүкөн ачкан. «Ошол кезде, Москвада буга окшогон бир эле соода түйүнү бар болчу,– деди ал.– Ал эми товарларга суроо-талап бар. Биздин диаспорада гана эмес «. Москвалыктар, мисалы, Кыргызстандан келген сүт азыктарын жакшы сатып алышат. Сатуу боюнча лидер – «Максым Шоро». Азияда ысык күндөрү элдер бул суусундук менен көчөлөрдө да чаңкоосун кандырышат. Бул күч-кубат берүүчү арпадан жасалган суусундука кырыз эли бала кезинен эле көнгөн