Москвада “Москва – өз ара түшүнүшүү аймагы” долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

Фото: mos.ru.

Россия Федерациясынын коомдук палатасында эксперттер мигранттарды адаптациялоо жана интеграциялоо маселесине, ошондой эле учурдагы кырдаалга зарыл болгон өзгөрүүлөргө өз көз караштарын сунушташты. 2022-жылдын 23-июнунда Москва шаарынын улуттук саясат жана региондор аралык байланыштар департаменти жана этностор аралык журналистика Гильдиясы Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын улуттар аралык жана диндер аралык мамилелерди шайкеш келтирүү боюнча комиссиясынын колдоосу менен «Москва-өз ара түшүнүшүүнүн аймагы: миграциялык кырдаал жана санкциялык кысымдын жаңы экономикалык шарттарында этностор аралык макулдашуу»конференциясын өткөрүштү. Москва – Россиядагы миграциянын борбору болуп саналат. Борбор бардык кыйынчылыктарга биринчилерден болуп туш болуп, кризистик кырдаалдардан чыгуунун жолдорун табат, анан бул көрүнүш региондордо кайталанат.

Источник