Москвада мигрант балкон аркылуу өтуп барып, аялды өрттөн сактап калды

Фото: с сайта TNV.ru.

Москвада 24 жашар жигит жасаган эрдик иштин видеосун Mash t-каналы жарыялады. Жазуудан жаш жигит кантип бир батирдин балконунан чыгып, өрттөнүп жаткан турак-жайга киргени көрүнөт. Ичке кирип, ал батирдин ээси болгон аялды балконго алып чыгып, ошол жерде аны менен чогуу өрт өчүрүүчүлөрдү күтүп алган. Өрт өчүрүүчүлөр аялга жана анын куткаруучусуна кычкылтек беткаптарын кийгизишкен да, ылдыйга аман-эсен түшүрүшкөн.

Источник