Москвада мигранттар үчүн бош орундар жарманкеси өтөт

Фото:© Sputnik-Алексей Куденко

18-декабрда Эмгек мигранттарынын эл аралык күнү белгиленип жаткан күнү Москвада мигранттар үчүн бош орундардын жарманкеси өтөт. Анда ар бир адам кыйынчылыксыз эле кызматкер үчүн бардык шарттар жана талаптар менен жеринде таанышып, өзүнө ылайыктуу бош орунду оңой таба алат. Жарманке бош орундар менен таанышуудан тышкары, конокторду бай программасы менен кубандырат. Жарманке Волгоград проспекти, 42-үй, 5-корпус, 3-кабат дарегиндешги «Москва» технополисинде 18-декабрда, саат 10:00дөн 16:00гө чейин болуп өтөт.

Источник