Москвада мигранттар үчүн акысыз чалуу борбору ишке кирди

Фото: pixabay.com.

Россиянын борборуна иштөө жана жашоо максатында келген же келгени жаткандарга кеңеш берүү үчүн Москвада эмгек мигранттарына жардам көрсөтүү боюнча шаардык маалымат борбору өз ишин баштады. Борбордун операторлору суроолордун кеңири чөйрөсүнө жооп берүүгө жана төмөнкү темалар боюнча кеңеш берүүгө даяр: жумуш издөө жана ишке орношуу тартиби, эмгек ишмердүүлүгүнө патент алуу, миграциялык каттоо тартиби, эмгек мигранттарынын укуктарынын бузулушу, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, медициналык жардам алуу, балдарды балдар бакчаларына жана мектептерге жайгаштыруу. Белгилей кетсек, борбордо консультациялар орус тилинен тышкары өзбек, кыргыз жана тажик тилдеринде да жүргүзүлөт. Эмгек мигранттарына жардам көрсөтүү боюнча шаардык маалымат борборунун номери: +7 (495) 539-25-20.

Источник