Москвада мигранттар арасында “Борбордун окуялары” аттуу кайрымдуулук конкурсу башталды

Фото:РИА Новости-Евгений Одиноков.

1-ноябрдан 16-ноябрга чейин борбор калаада мигранттар арасында биринчи жолу “Борбордун окуялары” аттуу кайрымдуулук конкурсу өтүүдө. Бул тууралуу Москванын улуттук саясат жана аймактар ​​аралык байланыш департаментинин басма сөз кызматы билдирди.»1-ноябрдан 16-ноябрга чейин Москвада «Эл аралык интеграциялык технологиялар» коммерциялык эмес фонду борбор калаанын улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар департаментинин колдоосу менен миграциялык саясат, социалдык жана маданий адаптациялоо жана чет өлкөлүк жарандардын интеграциясы чөйрөсүндө «Борбордун окуялары» аттуу конкурс өткөрөт. Конкурстун максаты — Москванын тургундарына Россия экинчи мекени болуп калган, эң оор мезгилдерде да чыныгы адамдык иш-аракеттерди жасоого жана айланадагыларга жардам берүүгө жөндөмдүү чет элдик жарандардын өз өмүрүнө коркунуч туудурган баатырдыгы, боорукердиги, өзгөчө эрдиктери жөнүндө айтып берүү», — деп билдирди басма сөз кызматы. Бардык каалоочулар мигранттардын эрдиктери тууралуу айта алышат. Бул үчүн fondmit.ru сайттына билдирме калтыруу керек. «Келип түшкөн билдирмелер конкурстун уюштуруу комитети, ошондой эле калыстар тобунун мүчөлөрүнүн курамына кирген Москва Өкмөтүнүн, Москванын «Көп функциялуу миграциялык борборунун» жана миграция чөйрөсүндөгү эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан каралат. Жеңүүчүлөр 6 — декабрда борбордо өтө турган салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземинде жарыяланат», — деп баса белгилешти департаментте.

Источник