Москвада медиаэксперттердин жана блогерлердин II Москва эл аралык «ЭтноТок» форумуна катышууга конкурстук тандоо башталды

Фото: сайт МОЛОДЁЖНАЯ АССАМБЛЕЯ НАРОДОВ РОССИИ «МЫ-РОССИЯНЕ».

Медиаэксперттердин жана блогерлердин II Москва эл аралык «ЭтноТок» форуму Интернеттеги уруксат кылынбаган иш-аракеттер менен акцияларга чагымчыл чакырыктардын алдын алуу жана аларга каршы туруу боюнча бир катар милдеттерди чечүүгө чакырылган. Долбоор Москвага иштөөгө же окууга келишкен эмгек же академиялык мигранттардын экстремизмге жана терроризмдин идеологиясына каршы туруу боюнча биргелешкен маалыматтык ишмердүүлүккө катышуусун болжойт. Форумдун катышуучусу болуу үчүн октябрга чейин өтүнмөнүн формасын толтуруу зарыл. Конкурсанттардын жаш курагы – 18 жаштан 35 жашка чейин. 18-октябрдан 21-октябрга чейин алар үчүн форумдун негизги иш-чаралары өтөт. Медиаэксперттер менен блогерлердин Москва эл аралык «ЭтноТок» форумун уюштуруу боюнча долбоор Россия элдеринин Жаштар ассамблеясынын «МЫ РОССИЯНЕ» жалпы россиялык коомдук кыймылы тарабынан Москва щаарынын Улуттук саясат жана аймак аралык байланыштар департаментинин колдоосу астында ишке ашырылат.

Источник