Москвада борбор калаанын улуттук-маданий потенциалын өнүктүрүүгө арналган “Борбордун этномаданий өнүгүүсү” аттуу тегерек стол өтүп

Фото: mos.ru.

Москвада борбор калаанын улуттук-маданий потенциалын өнүктүрүүгө арналган “Борбордун этномаданий өнүгүүсү” аттуу тегерек стол өтүп, “Терроризм – цивилизацияга коркунуч” Эл аралык долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. 27-октябрда «Москва улуттар үйү» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин аймагында 2022-жылга карата «Терроризм – цивилизацияга коркунуч» Эл аралык долбоорунун жыйынтыгы чыгарылып, улуттук-маданий бирикмелердин, коомчулуктардын, жаштардын коомдук уюмдары жана Москва шаарынын миграциялык коомчулугунун «Борбордун этномаданий өнүгүүсү» темасында тегерек столу болуп өттү. Тегерек стол «ШКУнун ишкердик кызматташтыгынын бириккен борбору» Ишкерлер коомчулугунун ассоциациясы, Москва өкмөтүнүн алдындагы улуттар кеңешинин комиссиялары: этномаданий өнүгүү, билим берүү, миграциялык саясат, маалыматтык саясат, жаштар менен иштөө боюнча комиссиясы, ошондой эле Москва педагогикалык мамлекеттик университетинин Камкорчулар кеңеши (МПМУ), Коомдук дипломатия фонду жана «Тынчтык куруу» Эл аралык коомдук кыймылы Москва шаарынын улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар департаментинин жана «Москва улуттар үйү»мамлекеттик бюджеттик мекемесинин колдоосу менен уюштурулду.

Источник