Москвада биринчи жолу мигранттарга жакшы иштери жана эрдик жосундары үчүн сыйлыктар тапшырылды

Фото: РИА Новости-Алексей Куденко

Москвада «Борбор окуялары» сынагынын жеңүүчүлөрү болгон мигранттарга сыйлыктар тапшырылды. Жакшы иштердин жарышы биринчи жолу өткөрүлүп, ага КМШнын бардык өлкөлөрүнөн 300дөн ашык катышуучу чогулду. Жеңүүчү деп Белоруссия, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан Москвага жашап, окуп жана иштөө үчүн келген 11 адам табылды. Сынактын эң кичүүсү болгону 5-7 жашта болсо, эң улуусу 60 жаштан ашты. Алардын баары жакшы иштери жана жосундары менен айырмаланышты. «Бул сынак уникалдуу. Бизге иштегени келген чет элдиктер тууралуу терс сөздөрдү көп угабыз. Алардын көбү эрдик кылып, пайдалуу жана керектүү иштерди жасашат, бирок бул тууралуу билишпейт жана айтышпайт. Бул окуяларды москвалыктар гана эмес, бүткүл өлкөнүн жашоочулары да билишкени маанилүү», — деди Москванын Улуттук саясат жана регион аралык байланыштар департаментинин жетекчиси Виталий Сучков. Ал сынак туруктуу болуп турарын, анткени улуттар аралык достукту чыӊдоого жардамдашарын дагы билдирди

Источник