Москвага мигранттардын жетишсиздик коркунучу туудурбайт

Фото: Рамиль Ситдиков / © РИА «НОВОСТИ»

Жайында Россияга миллионго чейин чет элдиктер келип иштешет, бирок экономикалык кырдаалга байланыштуу жумушчулар жетишсиз болушу мүмкүн. Март айынын аягында эле диаспоралардын өкүлдөрү Москвадагы эмгек мигранттарынын кетип жатканын айта башташкан. Кызмат көрсөтүү, турак жай-коммуналдык чарба жана курулуш тармактарында биринчилерден болуп жумушчу күчүнүн жетишсиздиги байкалат, деп эксперттер алдын ала айтышкан. Мекенге кайтууга рублдин туруксуз курсу түрткү болду. Доллар менен евронун курсунун көтөрүлүшүнүн фонунда мигранттар үчүн орус рублин өз өлкөсүнүн улуттук валютасына алмаштыруу оңтойсуз болуп калды. Мындан улам, кээде жумушчулардын кирешелеринин жарымы чыгымга учураган. Эмгек мигранттарынын кесиптик бирлигинин төрагасы Ренат Каримов «Metro»го комментарий берип жатып, москвалык мигранттардын жумушсуз калганы боюнча айрым арыздар түшкөнүн айтты.

Источник